Референдумдун алкагында 15 үгүт тобу түзүлдү, анын ичинен 8 президенттик республика үчүн парламенттик башкаруу формасы боюнча - 3. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйында билдирди.
Шайлдабекова бардык суроолор боюнча БШКнын 1255 номери аркылуу байланышса боло турганын кошумчалады. Анын айтымында, шайлоо бюллетенинде 18 талапкер көрсөтүлгөн, бирөө шайлоо учурунда баш тартты, эми 17 талапкердин арасында добуш берүү болот.