Саламаттыкты сактоо министри шайлоо тилкелеринде санитардык талаптарды сактоо боюнча чаралар көрүлүп жатканын айтты

Тектеш кабарлар: Президенттик шайлоо - 2021 (143 материал)

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев шайлоо тилкелеринде санитардык талаптарды сактоо боюнча чаралар көрүлүп жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 10-январда маалымат жыйында билдирди.

"Шайлоо тилкелеринде медицина кызматкерлери 2 нөөмөттө бекитилген. "Тез жардам" кызматы да бекитилген. Ооруканадагы оор абалдагы бейтаптардын тизмелери берилди. Бардык шайлоо тилкелеринде социалдык аралыкты сактоого шарт түзүлдү. Алгач шайлоо тилкесине кирүүдөн мурда бет кап кийүү зарыл. Өзүңүздөр менен балдарды алып келбөө сунушталат", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан