Бүгүн, 10-январда өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп жатат. Шайлоо тилкелери саат 08:00дө ачылганына карабастан Бишкектеги №1046 шайлоо тилкесиндеги эки урна тең саат 08:45ке карата толук кандуу иштей элек.
Учурда шайлоочулар бюллетендерин колуна кармаган боюнча кезек күтүшүүдө.
"Буга чейин даярданыш керек эле. Эмне себептен мындай болуп жатканы түшүнүксүз. Атайын шайлоого келгенден кийин эми күтөбүз да", - деди атын атагысы келбеген шайлоочу.
Уюштуруучулар урна эртең менен эле жакшынакай иштеп жатканын айтышты.
Учурда 20дай адам кезек күтүп турат.