"Кооптуу абалдагы мектепте шайлоо өткөрүп жатабыз" дейт жаран

Бүгүн, 10-январь өлкөдө кезексиз президенттик шайлоо жана референдум өтүүдө. Ага ылайык, №1323 шайлоо участкасында саат 8:00дө жарандардын добуш берүүсү башталды.

SUPER.KG порталынын кабарчысы күбө болгондой, азырынча мыйзам бузуу фактылары каттала элек. Жарандардын дене табы текшерилип, кезеги менен бет капчан шайлоого кирүүдө. Өзүн мектеп директору деп тааныштырган Аскар Турдуниязов мектепте эч кандай шарттын жоктугун айтып буларга токтолду:

"Биздин мектеп көп жылдан бери кооптуу абалда, керек болсо жылуулук да берилген эмес. Өзүбүз жылытып алып шайлоону өткөрүп жатабыз" деди мектеп директору.

Белгилей кетсек, кесексиз президенттик шайлоого 17 талапкер ат салышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан