Шайлоочуларга медициналык жардам көрсөтүүгө 5 миңден ашуун медицина кызматкери тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
"Ар бир саламаттыкты сактоо уюмунда шайлоо мезгилинде медициналык камсыздоону уюштурууга жооптуу адамдар дайындалды. Бардык стационардык мекемелерде жаракат алган жана оорулуу адамдарды тезинен ооруканага жаткыруу, квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн орундуктардын резерви каралган. Дары-дармектер, таңуу материалдары, медициналык буюмдар даярдалды", - дейт министр.