Шайлоо кампаниясы башталгандан тарта ыкчам чара көрүү координациялык тобуна 61 мыйзам бузуу боюнча кайрылуу келип түштү. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда маалымат жыйында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтыкбек Шайназаров билдирди.
"Мүнөздөп кеткенде мыйзам бузуучулар көпчүлүк учурда коркутуу фактылары, үгүт иштерин жүргүзүүдө шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча кайрылуулар келип түшкөн. Ар бир кайрылуу боюнча тийиштүү көңүл бурулду. Мыйзамдын негизинде чечим кабыл алынды. БШК укук коргоо органдары менен тыгыз байланышта иш алып барды. Коомчулукка так маалыматты өз убагында берип келдик", - деди Шайназаров.