Орусияда кошумча 3 шайлоо тилкеси ачылган. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлү маалымат жыйында билдирди.
"Бүгүнкү күндө Орусияда Миграция кызматынын өкүлчүлүгүнүн жардамы менен кошумча 3 тилке ачылды. Ал шайлоо тилкелеринин ишин кызматкерлер камсыз кылып жатат. Уюштуруу иш-чаралары толугу менен аткарылды. Москва шаарында 12, Тюмень шаарында 9 комиссия мүчөсү бар. Диаспоралардын жардамы менен иш алып бардык", - дейт ал.