Нарын районунун Куланак айылында жайгашкан №4051 шайлоо тилкесинде шайлоо өнөктүгү тынч, өз нугунда өтүүдө. Аталган шайлоо тилкесинде бардык санитардык эрежелер сакталып, ар бир келген шайлоочуга бет каптар таратылууда. Ошондой эле саат 10:30га карата мыйзам бузуулар катталган жок.