Президенттикке талапкер Адахан Мадумаров №1211 шайлоо тилкесинде саат 10:00дө добушун берди. Анын бюллетени урнага бир нече жолку аракеттен кийин гана түштү. Талапкер шайлоого уулу менен келди.
"Шайлоодо экинчи тур болот деп ойлойм. Шайлоонун таза эмес өтүп жатканын баарыңар көрүп жатасыңар. Мынчалык жапайычылыкты эгемендүүлүк алгандан бери көрө элек болчумун", - деди ал.
Белгилей кетүүчү нерсе буга чейин №1211 шайлоо тилкеси Лев Толстой көчөсүндөгү Бишкек курулуш архитектура колледжинде жайгашчу.
Бул жолку шайлоодо №1211 шайлоо тилкеси Горький көчөсүндөгү №29 гимназияга көчүрүлүптүр. Бирок бул тууралуу маалымат БШКнын картасында айтылган эмес.