Саат 10:00гө карата 99 миңден ашуун шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда маалымат жыйында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
"Бизге маалымат келип түштү. Саат 10:00гө карата бардык аймактар боюнча 99 миң 772 адам добуш берди. Оштун тургундары шайлоого активдүү түрдө катышып жатышат", - дейт ал.
Референдум боюнча 98 миң 894 адам добуш берди.