Президенттике талапкер Каныбек Иманалиев Бишкектеги №1138 шайлоо тилкесине добуш берүүгө жубайы, уулу жана кызы менен келди.
Каныбек Иманалиев өз сөзүндө биз чыныгы парламенттик өлкөнү орноткондо гана төңкөрүштөр болбой тургандыгын баса белгилеп өттү.
"Алгач укуктук нукка келишибиз керек, андан соң өнүгүү тууралуу кеп козгосок болот. Бүгүн күн тийип турганы менен шайлоочулардын саны өтө аз. Биз өзүбүздүн тагдырыбызга кайдыгер болбошубуз керек. Өлкөнүн тагдыры сиздин гана колдо! Биз чыныгы парламенттик өлкөнү орноткондо гана төңкөрүштөр болбойт. Мен парламенттик башкарууга жана жападан жалгыз аял талапкер Клара Сооронкуловага добуш бердим. Кыргызда жигитчиликке жатпайт, эгер жаныңда кыз киши турса өзүңө өзүң добуш берген", - дейт Иманалиев.
Белгилей кетсек, бүгүн, 10-январда өлкөбүздө кезексиз президенттик шайлоо жана референдум өтүүдө. Баардык шайлоо участоктору саат 8:00дөн баштап шайлоочуларга эшигин ачты.