Мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаев №47 колонияда добушун берди

Мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаев 9-январда №47 колонияда добушун берди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ЖАМКтан билдиришти.

"Алмазбек Атамбаев жаткан абакка кечээ көчмө урна алып барышкан. Ошондо мурдагы өлкө башчы башка жазасын өтүп жаткандар менен бирге шайлоого добуш берди" , - дешти мекемеден.

Ал эми Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев төмөндөгүлөргө токтолду.

"Мыйзам боюнча соттун өкүмү чыгып, абакта жаткандар шайлоодо добуш берүү укугунан ажыратылат. Ал эми СИЗОдогулар тергөө астындагы айыпталуучулар болгондуктан добуш берсе болот. Алмазбек Атамбаев УКМКнын СИЗОсунан №47 абакка ден соолугуна байланыштуу которулган. Учурда Атамбаевге карата тергөө иштери жүрүп жатат. Ошондуктан абакта болгону менен СИЗОдо кармалганына барабар" , - деди жактоочу.

Эске салсак, 2020-жылдын 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо мурдагы өлкө башчы добуш бере алган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
sultan_bek
2021-01-10 15:16:35
Атамбаев мыкты инсан. Убагында коптогон долбоорлоду ишке ашырган. Сокеге окшогондор ичти жеди кылып туруп жамандап коюшту
-6
Aibek_eka
2021-01-10 15:32:13
sultan_bek,эмне иш кылды алжыбачы кытайдан карыз алып жеп алып кетти
+3
Mister-XXX
2021-01-10 16:04:31
sultan_bek,Кылган ишин санап берчи.Кытайдан алган карызбы?ТЭЦте,Музейде уурдалган акчаларбы?Шопур башкарган өлкөгө айландырганыбы?Кана,айтчы бир жакшы жагын.Мен эн жакшы билем,Датка Кемин чордону Бакиевдин долбоору болгон.
+3
al-abu-kinesz
2021-01-10 17:11:01
аша, баарына каршы дегенди колдодун да ээ ))
+3
Tursunbaev1978
2021-01-10 18:20:12
al-abu-kinesz,точно
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан