SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө Токтобек Бапышов аттуу окурман кайрылды. Ал Орусияда сатылган унаалар боюнча Кыргыз жарандарына билдиргим келет деп буларды айтып берди.
"Орусиянын унаа сайттарында Кыргыз номердеги автоунаалар байма-бай сатылууда. Мен да ошол сайттардан унаа алуу үчүн баш багып, арзанына кызыгып документтерин биздин "Carcheck" сайтынын базасынан текшерсек, таптакыр башка унаа болуп чыгып жатат. Өкүнүчтүүсү аны биздин жарандар билбестен сатып алып, көптөгөн чыгымдарга учурап жатат.
Ал тургай жолдо келе жатып милиция кызматкерлери текшергенде ал документ жасалма экенин айтып, камалып да кетип жатышат. Кылмыштарга да ошол биздин номердеги автоунаалар менен кармалып биздин мамлекеттин беделине шек келтиришүүдө. Балким, ушул маалыматты Орусиядагы мекендештерибиз окуп унаа аларда ойлонуп калышар", - дейт Бапышов.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.