БШКнын мүчөсү: "Жарандарды Ысык-Көлгө бекер ташыган автобустар боюнча жакынкы сааттарда так маалымат беребиз"

Тектеш кабарлар: Президенттик шайлоо - 2021 (143 материал)

Талапкерлердин бирине добуш берүү үчүн жарандарды Ысык-Көлгө бекер ташып жатат делген автобустар боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтык Шайназаров журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

"Жарандарды Ысык-Көлгө бекер ташыган автобустар боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат. Жакынкы сааттарда так маалымат беребиз.

Бүгүн мыйзам бузуу боюнча 11 кайрылуу түштү. Кайрылууларда административдик басым жок, техникалык бузуулар боюнча түшүп жатат. Айрым маалымат каражаттары "карусель" ыкмасы колдонулуп жатканын жазып жатышат. Андай болушу мүмкүн эмес. Бир адам бир жолу гана добуш бере алат", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан