"Биометрикалык өздүгүм чыкпай, добуш бере албай кетип жатам" дейт Эмгек сиңирген машыктыруучу

СССРдин спорт чебери, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген машыктыруучусу Сабыр Усуповдун биометрикалык өздүгү аныкталбай, шайлоого катыша албай кетип жаткандыгын айтат.

Ал Бишкектеги №1140 шайлоо участогунда добуш берүү үчүн келген.

"Өз милдетимди аткарып коёюн деп добуш берүүгө келгем. Сүрөтүм чыгып, бирок биометрикалык өздүгүм такыр чыкпай койду. Өткөн шайлоодо эле келип дал ушул тилкеден шайлап кеткем. Эми айласыздан добуш бере албай кетип жатам. Ал эми өлкөнү башкарууда президенттик башкарууга добуш берейин деп жаткам. Жалгыз адам башкарганда гана өлкө өнүгөт", - деди Усупов.

Аталган участоктун кызматкерлери биометрикалык өздүгүн тактоо кыйын болгон учур кары адамдарда көп катталарын айтат.

Белгилей кетсек, бүгүн, 10-январда өлкөбүздө кезексиз президенттик шайлоо жана референдум өтүүдө.

Бардык шайлоо участоктору саат 8:00дөн баштап шайлоочуларга эшигин ачты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан