Президенттикке талапкер Мыктыбек Арстанбек добуш берди

Бүгүн, 10-январда өлкөбүздө кезексиз президенттик шайлоо жана референдум өтүүдө. Бардык шайлоо участоктору саат 8:00дөн баштап шайлоочуларга эшигин ачты. Анда президенттикке талапкерлер да жарандык милдетин аткарып, шайлоо тилкелерине барып, добуш берип жатышат.

Алардын катарындагы Мыктыбек Арстанбек Арча-Бешик конушундагы №1030 шайлоо участкасында добуш берип, өз тандоосун жасады.

Президенттик кызматка 17 талапкер ат салышууда. Кезексиз президенттик шайлоонун жана референдумдун болжолдуу жыйынтыгы саат 21:30да чыга турганы маалымдалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан