Бүгүн, 10-январда өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп жатат. Шайлоодо Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушундагы №1035 шайлоо тилкесинде добуш берүү үчүн кезекке тургандардын саны көп болуп жатат.
Кезекте тургандар 10-15 мүнөттөн бери турганын айтышты. Учурда 50дөй адам кезек күтүп турат. Бул шайлоо тилкесинде жалпы 2 миң 888 адам добуш берет жана саат 13:40ка карата 500дөй жаран добуш бергени маалым болду.