Каныбек Иманалиев: "Бүгүн жаңылсак биз дагы көп жылга чейин аксап жашайбыз"

Мамлекет үчүн жаңы барак ачылып жатат. Бүгүн жаңылсак биз дагы көп жылга чейин аксап жашайбыз. Мындай пикирин президенттикке талапкер Каныбек Иманалиев добуш берүүгө келген учурда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

"Бүгүн биз тарыхка байкоочу катары катыша албайбыз, бүгүнкү тарыхты биз жасап жатабыз. Себеби бүгүнкү Кыргыз өлкөсүнө биз жоопкербиз. Эгер биз кайдыгер болсок, тарых кечирбейт. Мен ойлоймун мамлекет үчүн жаңы барак ачылып жатат. Бул биринчиден мыйзамдуу, чыныгы элдик шайлоо. Мыйзамды бузбай, провокацияга барбай утуп чыккан лидерди эл аралык коомчулук, жалпы кыргыз эли тааныса биз ага жардам беришибиз керек. Ошондой тандоого тарых муктаж. Бүгүн жаңылсак биз дагы көп жылга чейин аксап жашайбыз", - деди Иманалиев.

Белгилей кетсек, бүгүн, 10-январда Кыргыз өлкөсүндө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана өлкөнүн башкаруу системасын тандоого референдум өтүп жатат.

Каныбек Иманалиев: "Бүгүн жаңылсак биз дагы көп жылга чейин аксап жашайбыз"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Kuban-1207
2021-01-10 16:46:34
Садыр шайланса жакшы эле жашайбыз
+4
Nurik1988
2021-01-10 16:53:27
Сен кыйратпайсын эс алчы
+4
al-abu-kinesz
2021-01-10 16:55:00
Эмне ушуга чейин аксабай жакшы жашадыкпы??? Силер го жоо жалан журуп коргон эмессинер, кыйынчылык коргон эмессинер, ошон учун ач калгандан, иши жок жургондон коркосунар. Акылдуусунбай кире турган жерине кирип кетчи
+2
Semiz-kol
2021-01-10 16:59:43
Пайдасыз сөздү сүйлөп эле жүрө берет экенда бул.
+3
Almazhhhh
2021-01-10 17:33:35
Крокодил
+3
Almazhhhh
2021-01-10 17:34:29
Пашти што
+3
gafurova01
2021-01-10 18:53:34
Эл сүйлөсө да сиз сүйлөбөңүзчү. Буюрса, придет время и "найдут крокодилы в реке Нарын"
-1
ika8086
2021-01-10 19:49:13
Садыр шайланып калса депутаттар аксап калабыз десе эл ишенет.Садырдан коркуп азыркы бийликтеги ичип жутаарлар аксап калыштан коркуп жатышат
0
jokebai
2021-01-10 20:27:01
Садыр шайланса эл аксабайт жэгичтер каныбек иманалиевке окшогондор жэйалбай аксайт
0
tilek121277
2021-01-10 20:34:37
Бокту жебечи
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан