Экс-президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-январда жарандык милдетин аткарып шайлоого катышты. Анын добуш берүүгө байланыштуу пикирин чагылдырган видеону reporter.kg порталы жарыялады.
Анда маалымат каражат өкүлү мурунку өлкө башчыга шайлоонун кандай өтөрү тууралуу суроо узатып, анын пикирин угууга аракет кылган. Буга Жээнбеков “Маселе көп, кийин бул боюнча комментарий берип, сени чакырам” деп сүйлөп, басып кеткенин көрүүгө болот.
Буга чейин Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги №1327 шайлоо тилкесине добуш берүү үчүн жан сакчылары менен келгени маалымдалган.