Бүгүн, 10-январда өлкөбүздө кезексиз президенттик шайлоо жана референдум өтүүдө. Бардык шайлоо участоктору саат 8:00дөн баштап шайлоочуларга эшигин ачты. Анда президенттикке талапкерлер да жарандык милдетин аткарып, шайлоо тилкелерине барып, добуш берип жатышат.
Алардын катарында президенттикке талапкер Бабыржан Төлбаев да бар. Ал №28 мектеп-лицейинде жайгашкан №1213 шайлоо участкасында добуш берди.