"Шайлоонун экинчи туру болот". Президенттикке талапкерлердин жоромолдору

Бүгүн, 10-январда өлкөбүздө кезексиз президенттик шайлоо жана референдум өтүүдө. Бардык шайлоо участоктору саат 8:00дөн баштап шайлоочуларга эшигин ачты. Анда президенттикке талапкерлер да жарандык милдетин аткарып, шайлоо тилкелерине барып, добуш берип жатышат.

Ошол эле учурда талапкерлер маалымат каражат өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип, шайлоого карата пикирин билдирип, жоромолдорун айтып жатышат. Алардын көпчүлүгү шайлоонун экинчи туру өтөт деген пикирде.

Алардын сап башында саясатчы Адахан Мадумаров турат. Ал шайлоого карата үгүт иштери жүрүп жаткан учурда да мыйзам бузуулар болгонун билдирди.

"Биз мыйзам бузуулар тууралуу тынымсыз айтып келдик. Бирок БШК жана сот ага көңүл кош мамиле жасап келди", - деди Мадумаров. Анын пикири боюнча, шайлоонун экинчи туру болот.

Ал эми саясатчы Равшан Жээнбеков да шайлоодо экинчи тур болот деген пикирин билдирди.

“Мурункуга салыштырмалуу шайлоо ачыгыраак өтүп жатат. Бул шайлоодо 2 тур болот. Бул экинчи тур өлкө үчүн абдан маанилүү. Эки тур Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында болгон эмес. Эгерде эки тур менен шайлоо өткөрсөк, анда бул биздин демократиябыздын келечегибиздин жеңиши болот”, - дейт Жээнбеков.

Ошондой эле президенттикке талапкерлердин бири Бабыржан Толбаев да шайлоо процесси боюнча көз карашын билдирип, экинчи тур болот деген жоромолун айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
al-abu-kinesz
2021-01-10 17:07:37
2 эмес 7 тур откорсонор да эл Садыр Жапаров тарапта!!!
+12
mariolan
2021-01-10 17:31:49
al-abu-kinesz,
-4
Mastura90
2021-01-10 17:52:55
Эл силерди шайлап эле убактысын өткөрүп жүрө береби
+9
Asanali
2021-01-10 17:53:02
Кайра кайра шайлоо кыла берчуудой, олкобуз п....с байда ээ.
+7
uli1234
2021-01-10 17:57:28
Мадмаров женилип баратканын сезе баштады окшойт таза отпой жатат деп калыптыр.
+5
Nurik1988
2021-01-10 18:06:17
Эс алгыла эми ушунча иштеп кыйратынар
+5
Kylychbek.95
2021-01-10 18:34:51
Биздин тарыхыбызда 2-тур болгон эмес. Элибиздин кайдыгерлиги болуп атат. Шайлоого активдүү катышып, өзүлөрү жактырган талапкерге добуш берип коюшса болмок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан