ИИМдин өкүлү: "Өлкөдө саясий абал туруктуу"

Ички иштер министрлигинин өкүлү Султан Маликов өлкөдө саясий абал туруктуу экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 10-январда маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, ИИМге мыйзам бузуу боюнча маалымат түшө элек. "ИИМ тарабынан коомдук коопсуздук тиешелүү деңгээлде камсыздалып жатат. Учурда саясий абал туруктуу", - деди ал.

Өлкөдө президенттик шайлоо жана референдум өтүп жатат. Президенттик шайлоого 17 талапкер ат салышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан