"Жеңишке жетүү үчүн шайлоого катышып жатам" дейт Бабыржан Төлбаев

Президенттикке талапкер Бабыржан Төлбаев Бишкек шаарындагы №28 мектеп-лицейинде жайгашкан №1213 шайлоо участогунда добуш берди. Ал шайлоо процесси боюнча көз карашын билдирип, экинчи тур болоруна үмүтү чоң экенин айткан.

Талапкердин айтымында, шайлоочу кайсы жерде болбосун, өз тандоосу үчүн добуш бериши керек Төлбаев экинчи турда президенттикке ат салышчу талапкерлердин бири болууга ниеттенип жаткандыгын билдирген.

Талапкер ошондой эле добуш берүү таза жана ачык өткөнүн көрсө, шайлоонун бардык жыйынтыктарын тааный тургандыгын кошумчалаган.

Эгерде ал өзү шайланбаса, шайланган мамлекет башчынын командасына кошулар кошулбасы тууралуу суроого жооп берип жатып жеңишке жетерине үмүтү чоң экенин билдирген.

"Биз жеңерибизге ишенип турабыз", - деген Төлбаев.

Президенттикке талапкер Бабыржан Төлбаев добушун берди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
al-abu-kinesz
2021-01-10 16:37:13
Мен сиздин фамилиянызды угуп калдым 3-4 жолу талапкер катары, а так биринчи корушум. Мунусунда отпой калсаныз кийинкиге чейин эми озунузду бир таанытсаныз балким эл колдоп калаар. Ийгилик сизге
0
uli1234
2021-01-10 17:48:38
Бул кыргызбы
0
Chatkal
2021-01-10 19:02:19

Тольбаев Бабыржан Латиханович аты-жөнүнө караганда кыргыз эмес болуш керек, 1-орун С.Жапаров, 2-орунду Б.Тольбаев, 3-орунду А.Мадумаров алат. Божомолдоо.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан