"Пулуң болсо, кулуңмун!". Шайлоочулардын аз болуп жатканынын себеби эмнеде? Суроого серепчилер жооп берет

Бүгүн, 10-январда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өтүп жатат. Президенттик такты үчүн 17 талапкер ат салышып жатса, референдумга президенттик же парламенттик башкаруу формасын тандоо сунушу коюлган.

Бишкек убактысы боюнча саат 16:00гө карата кезексиз президенттик шайлоого 947 миң 614 адам катышканын БШК маалымдады. Бул шайлоочулардын 26,59 пайызын түздү дегендик. Ал эми башкаруу формасын аныктаган референдумга добуш бергендер 946 миң 104 адамды түздү. Бул сан шайлоочулардын 26,55 пайызын түзөт дегенди түшүндүрөт.

Эсептелген сандын жыйынтыгынан улам башка шайлоолорго салыштырмалуу шайлоого катышууга келген жарандардын саны аз экени айтылууда. Мындан улам SUPER.KG порталы бир нече серепчиге "Шайлоочулардын шайлоого активдүү катышпай жатканынын себеби эмнеде?" деген суроо узатып, алардын пикирин укту.

Саясий серепчи, Алмаз Тажыбай:

"Биринчиден бул добуш сатууга тыюу салып, форма 2нин жокко чыгышы. Ошондуктан изилдөө жүргүзгөндө эл акчага, экономикалык жактан аксап турганы байкалган. Алар пулуң болсо кулуңмун дегендей, акча болсо, шайлоого катышат экен. Экинчи себеп болсо, шайлоого аттанууга президентттикке да, референдумга да кыска мөөнөт болуп калып жатат. Себеби шайлоо боюнча кыска убакыт ичинде эл жакшы, жеткиликтүү маалымат ала алган жок.

Үчүнчү себеп бул элдин бийликке ишениминин жоктугу. Элдин ошол эле аткаруу бийлигине да, мыйзам чыгаруучуларга да ишеним жок. Анан талапкерлердин элге маалымат таратканда акчалары аз болду. Мисалы 17 талапкердин бирөөсү эле 67 пайызга көп акча коротсо, калгандарынын акчасы аз болуп үгүттөөнү жакшы жүргүзө алышпай калган. Булардан сырткары дагы бир себеп башка мамлекеттер да коронавируска байланыштуу жабык болуп жатат. Буга байланыштуу сырттагы жарандарыбыз шайлоого катыша албай калып жатат", - дейт Тажыбай.

Коомдук ишмер, Каныбек Осмоналиев:

"Өлкөдө ар кандай саясий бурулуштар, тополоңдор болду.

Мына ошол кырдаалдар да шайлоого таасир берип жатат. Мындан сырткары жаңы жылдык факторду да эске алуу керек. Бул реалдуу фактор. Анткени көпчүлүк үй-бүлө айылдарга кетишет. Мындан сырткары шаардын экологиялык абалынын начардыгы да көпчүлүк жарандардын шаардан чыгып кетүүсүнө түрткү болду", - деди Осмоналиев.

Саясий серепчи, Бакыт Бакетаев:

"Менин пикиримде шайлоочулардын пасивдүүлүгүнө биринчиден пандемия себеп. Экинчиден талапкерлер үгүт иштерин жакшы жүргүзө албай калышты. Алар дээрлик аймактарды кыдырышкан жок".

Кыргыз өлкөсүндө 2 миң 438, чет мамлекеттерде 48 добуш берүү тилкеси ачылган.

БШКнын маалыматына ылайык, президенттик шайлоодо жана референдумда 3 миллион 563 574 шайлоочу добуш бериш керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан