Москва шаарындагы шайлоонун жүрүшү боюнча элчиликтин маалыматы

Орусиянын Москва шаарында президенттик мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча 5 шайлоо тилкеси ачылган. Москва убактысы боюнча саат 12:30га карата ал шайлоо тилкелеринде президенттик шайлоого 2 миң 501 жаран референдумга 2 миң 500 жаран добуш бергенин Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

"Жалпысынан Москва шаарындагы участкаларына 17 миң 891 жаран катталган. Жарандарга шайлоочулардын тизмесинен өздөрүн табууга жана шайлоо комиссиясынын номерин аныктоого көмөк көрсөтүү максатында, ошондой эле консультация берүү үчүн активисттердин, студенттердин жана кыргыз диаспораларынын жаштарынын арасынан 100дөн ашуун волонтерлор тартылган", - деп жазылат маалыматта.

Ал эми Москва шаарындагы №9015-шайлоо тилкесиндеги шайлоо комиссиясынын төрагасы Акимбек Маматов төмөндөгүдөй маалымат берди: "Москва убактысы боюнча саат 13:30га карата 395 киши шайлоого катышты. Жалпысынан 1 миң 980 шайлоочу катталган. Ошондо шайлоочулардын 20 пайызы добуш берүүгө жетишти. Биздин тилкеде эч кандай мыйзам бузуулар, талаш-тартыштар болгон жок. Эл аралык байкоочулар шайлоо процессин көзөмөлдөп жатышат", - деп билдирет Маматов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан