Өткөн президенттик шайлоолордо кимиси канча добуш алган? (тизме)

Тектеш кабарлар: Президенттик шайлоо - 2021 (143 материал)

Жыл башына дайындалган мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо Кыргыз өлкөсүнүн тарыхындагы 8-президенттик шайлоо болуп саналат. Буга чейин 1991-жылы, 1995-жылы, 2000-жылы тунгуч президент Аскар Акаев шайланса, 2005 жана 2009-жылдары Курманбек Бакиев утуп чыккан. 2011-жылы Алмазбек Атамбаев шайланып келсе, 2017-жылы Сооронбай Жээнбеков президент болгон.

Тунгуч президент Аскар Акаев 1990-жылдын 27-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан президент болуп шайланган. 1991-жылдын 31-августунда Кыргыз өлкөсү расмий түрдө көз карандасыз мамлекет деп таанылгандан кийин Жогорку Кеңеш "Кыргыз өлкөсүнүн президентин шайлоо жөнүндөгү" мыйзамды кабыл алып, ага ылайык президенттик шайлоо 1991-жылдын 12-октябрына дайындалган. Ал шайлоолордо Акаев жалгыз талапкер болгондуктан бюллетендерде "макул" жана "каршы" деген эки графа эле болгон. 1991-жылкы шайлоого жарандардын шайлоого катышуусу 89,03 % пайызды түзгөн.

1991-жылы Аскар Акаевдин президент болушун колдогондор 95,33 пайыз болгон.

1995-жылы Кыргыз өлкөсүндө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөн. Себеби кийинки президенттик шайлоо 1996-жылы болушу керек эле.

1995-жылдын 24-декабрына дайындалган шайлоодо Аскар Акаев шайлоочулардын 71,5 пайыз добушуна ээ болуп, мараны утуп чыгат.

Кийинки президенттик шайлоо 2000-жылдын 29-октябрында өткөн. Шайлоодо Аскар Акаев менен бирге Алмазбек Атамбаев дагы ат салышкан. Атамбаев шайлоочулардын 6,00 пайыз добушуна ээ болгон.

2000-жылкы шайлоодо дагы Аскар Акаев 74,47 пайыз добуш алып үчүнчү мөөнөткө шайланат.

2005-жылдын март айында Кыргыз өлкөсүндө бийликке болгон нааразычылыктан улам эгемендүү өлкөнүн тарыхындагы алгачкы төңкөрүш орун алат. Анын натыйжасында Аскар Акаев үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болот.

Жоогазын революциясынан кийинки президенттик шайлоо 2005-жылдын 10-июлуна дайындалган. Ага алгач 19 талапкер катталган. Бирок шайлоого 6 гана адам катышкан. Анын арасында Турсунбай Бакир уулу, Токтайым Үмөталиева да болгон. Курманбек Бакиев Феликс Кулов менен тандем түзгөн.

2005-жылы Курманбек Бакиев менен Феликс Куловдун тандеми шайлоочулардын 88,72 пайыз добушуна ээ болгон.

2009-жылы өткөн Президенттик шайлоодо Курманбек Бакиев "Ак Жол" партиясынын атынан кайрадан шайланып келет.

2009-жылы Курманбек Бакиев жалпы шайлоочулардын 76,12 пайыз добушун алган.

2010-жылы өлкөдө кайрадан төңкөрүш, кайрадан бийлик алмашуу жүрөт. Өткөөл мезгилдин президенти саналган Роза Отунбаеванын 1 жарым жылдык президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин 2011-жылдын 30-октябрына президенттик шайлоо дайындалат. Ага Алмазбек Атамбаев, Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев катышат.

2011-жылкы президенттик шайлоодо Алмазбек Атамбаев шайлоочулардын 63,24 пайыз добушуна ээ болуп, президент болуп шайланган.

Өлкөнүн тарыхындагы 7-президенттик шайлоо 2017-жылы өткөн. Ага Сооронбай Жээнбеков менен бирге Өмүрбек Бабанов, Адахан Мадумаров, Темир Сариев дагы президенттик марага түшөт.

2017-жылдын 15-октябрында КСДП партиясынан Сооронбай Жээнбеков 54,75 пайыз шайлоочулардын добушуна ээ болот. Ал эми анын оппоненти Өмүрбек Бабанов 33,8 пайыз шайлоочулардын добушун алат.

Туура 3 жыл өткөндөн кийин 2020-жылдын 15-октябрында президент Сооронбай Жээнбеков мөөнөтүнөн мурда ыйгарым укуктарын Садыр Жапаровго өткөрүп берди. БШК 2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоолордун жыйынтыгын жокко чыгарып, 2021-жылдын 10-январына мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана референдум өткөрүүнү дайындады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Asmat84
2021-01-11 11:24:53
Ушунча хан келип кетти ушунча жыл өттү
Акыры эл жеңишке жетишип ээми эл колдогон адам келди окшойт
+1
Aibek_eka
2021-01-11 11:32:57
Asmat84,Бакиевти эл койгон Садырды колдогондой колдоп
+9
ika8086
2021-01-11 12:41:44
Сооронбай Жээнбеков менен Омурбек Бабанов только акча менен добуш алып биринен отуп бири кыйын болуп акчаларын аябады элден.Бирок Бабанов алдыга оозуп кетмек балким акчанын кучу менен болсода президент болмок,ошондо экинчиден достун макулдашуусу менен Жээнбеков алдыга отту.Булардын достугу да,отурган креслосуда буюрбады,эл акырында Садыр Жапаровду таза шайлоо менен оз тактысына отургузду.
+2
Amai
2021-01-11 13:26:22
АКМ колдодум бироу Садыр Жапаров отуу.Ушактап жамандаштын кереги жок.Омат тилейлик элдин умутун актасын эсли актабаса анда эл озу баа берип сындайт.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан