БКШнын мүчөсү: "Панфилов районундагы Курама айыл башчысынын милдетин аткаруучусунун үстүнөн даттануу түштү"

Чүй облусунун Панфилов районундагы Курама айыл башчысынын милдетин аткаруучусунун үстүнөн даттануу түштү. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтык Шайназаров билдирди.

"Аталган айылда адамдарды шайлоо тилкелерине ташып келүүдө деп айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучунун үстүнөн даттануу түштү. Учурда бул даттануу боюнча териштирүү иштери жүрүүдө. Анын жыйынтыгында эгер факты такталса тийиштүү чаралар көрүлөт”, - деди Шайназаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан