Канатбек Исаев жубайы менен кичи мекенинде добуш берди

Бүгүн, 10-январда президенттикке талапкер Канатбек Исаев мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткан президенттик шайлоо жана референдумга өзүнүн кичи мекени Чүй облусуна караштуу Кошой айылында жайгашкан маданият үйүндө жубайы менен добуш берди.

"Добуш берип чыктык. Мамлекетибизде парламенттик башкаруу калсын деген ниетти билдирип, парламенттик башкарууга добушумду бердим. Анткени өлкөдө тең салмактуулук болгондо гана коррупцияны жеңебиз", - деп билдирди Исаев.

Белгилей кетсек, президенттик кызматка 17 талапкер ат салышууда. Ал эми кезексиз президенттик шайлоонун жана референдумдун болжолдуу жыйынтыгы саат 21:30да чыга турганы кабарланды.

Канатбек Исаев жубайы менен кичи мекенинде добуш берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан