Баткен облусунда 100 миң 906 шайлоочу добуш берди

Баткен облусунда коомдук саясий абал тынч, шайлоо өз нугунда өтүп жатат. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, облуста добуш сатып алуу, админстративдик ресурс сыяктуу мыйзам бузуулар, кемчиликтер катталган эмес.

"Коомдук тартип милиция кызматкерлеринин көзөмөлүндө. Күндүн экинчи жарымында, облуста шайлоочулардын активдүүлүгү байкалды. Азыркы учурда да шайлоо тилкелеринде шайлоочулар арбын. КРнын Борбордук шайлоо комиссиясынын Баткендеги өкүлү Алишер Колдошовдун берген маалыматына ылайык, саат 18.00гө, шайлоочулардын 34 % шайлоого катышты. Тагыраагы 100 миң 906 шайлоочу добуш берди", - деди маалымат катчы.

Облуста шайлоочулардын жалпы саны 297миң 264 түзөт. Ал эми шайлоо тилкелеринин саны 217.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан