Бүгүн, 10-январь мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өткөрүү күнү. Президенттик такты үчүн 17 талапкер ат салышып жатса, референдумга президенттик же парламенттик башкаруу формасын тандоо сунушу коюлган.
Өлкө боюнча бардык шайлоо тилкелери 8:00дөн 20:00гө чейин иштеди. Азыркы тапта болжолдуу жыйынтыктар чыгарылып жатат.
SUPER.KG порталы шайлоо күнүндө орун алган бардык кызыктуу кабарларды 1 шилтемеге топтойт. Андыктан биз менен бирге болуңуздар!
"Мен өлкөдө мыйзамдуулук орун алмайынча күрөшө берем", - дейт Адахан Мадумаров.
"Мурун шайлоо жасалма жол менен өтүп келген, бул жолу таза өттү", - деген пикирин Садыр Жапаров жыйын учурунда билдирди.
Президенттикке талапкерлигин койгон Абдил Сегизбаев шайлоонун алдын-ала чыккан жыйынтыгын тааныбай тургандыгын айтып чыкты.
Президенттикке талапкерлигин коюп, шайлоонун алдын-ала жыйынтыгы боюнча алдыда келе жаткан Садыр Жапаров маалымат жыйын берери күтүлүүдө. SUPER.KG порталы маалымат жыйынды түз алып көрсөтүүдө. Азыркы тапта Садыр Жапаровдун орундукка келип, маалымат жыйынды баштоосу күтүлүүдө.
Адахан Мадумаров шайлоонун алдын-ала жыйынтыгына нааразы болуп, элине боору ооруп жатканын билдирди.
Президенттикке талапкер Клара Сооронкулова SUPER.KG порталына шайлоонун жыйынтыктары боюнча комментарий берди.
"Нааразы болуп кимдин тарапташтары чыгып жатканы боюнча маалыматым жок, көпчүлүктүн добушун сыйлайлы" - деген пикирин Садыр Жапаров маалымат жыйын берип жатып айтты.
Президенттикке талапкер болгон Курсан Асанов бүгүн, 10-январда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тартты. Бул тууралуу Асанов маалымат жыйын учурунда айтты.
"Мен бүгүнкү шайлоонун жыйынтыгына макул эмесмин. Себеби Ош шаарындагы ар бир тилкеде жүргөн тарапташтарым ыйлап кабар берип атат", - дейт Асанов.
Референдум боюнча 1 миллион 376 миң 958 шайлоочу добуш бергени маалымдалды.
Президенттикке талапкер Адахан Мадумаров эл Садыр Жапаровду колдобогонун билдирди.
Президенттикке талапкер Адахан Мадумаров шайлоонун алдын-ала жыйынтыгын тааныбай турганын айтты. Бул тууралуу ал өзүнүн штабынан маалымат берип жатып билдирди.
Ал мындан кийинки кадамдары тууралуу айтып жатып элге эксперимент жасагандар менен аягына чейин күрөшөрүн билдирди.
Адахан Мадумаров шайлоонун алдын-ала жыйынтыгына нааразы болуп, элине боору ооруп жатканын билдирди.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйын берип, БШКга эч жактан басым болбогонун билдирди.
Автоматтык эсептөөчү урналардан алдын-ала алынган маалыматтар берилип, президенттик башкаруу формасы 81.17 пайыз добушка ээ болду.
"Ала-Тоо" аянтында музыкалык аппаратуралар орнотулуп, ыр жаңырып жатканынан Бишкек мэриясы кабардар эмес экени маалымдалды.
Өлкөдөгү президенттик шайлоо өнөктүгүндө жалпы 7 кылмыш иши козголгонун ички иштер министри Улан Ниязбеков брифинг учурунда айтты.
Анда Жапаров Садыр Нургожоевич 79.59 пайыз добушка ээ болгону жана башка талапкерлердин жыйынтыктары айтылды.
Автоматтык эсептөөчү урналардан алдын-ала алынган маалыматтар чыкты. Бул тууралуу маалымат менен Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова тааныштырды.
Саат 21:20га карата Садыр Жапаровго 1 миллиондон ашык жаран добуш берген.
Президенттик шайлоого 1 миллион 376 миң 719 жаран добуш бергени маалымдалды.
Президенттикке талапкер Садыр Жапаров өзүнүн штабында маалымат жыйын берүүдө.
Анда ал ага добуш берген жарандарга ыраазычылык айтып, "Өлкөнү өнүктүрөм деген кыялымды ишке ашырбасам мени атам, апам баламдын арбагы кечирбес", - деген пикирин билдирди.
.