Кыргыз өлкөсүнүн АКШ жана Канададагы Элчиликтеринде добуш берүү башталды

2021-жылдын 10-январында жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дө Кыргыз өлкөсүнүн АКШ жана Канададагы элчилигинин астында №9034 шайлоо участогунда добуш берүү башталды. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн АКШ жана Канададагы элчилигинен билдиришти.

"Санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту жана жарандардын ден соолугун коргоону камсыздоо максатында социалдык дистанция жана жеке коргонуу каражаттарын колдонуу боюнча бардык керектүү чаралар көрүлүүдө.

Шайлоо участогу жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00гө чейин ачык болот.

Шайлоочулардын тизмесине буга чейин кирген Кыргыз өлкөсүнүн бардык жарандары участокто добуш бере алышат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан