ИИМ шайлоо өнөктүгүндө 7 кылмыш иши козголгондугун билдирди

Өлкөдөгү президенттик шайлоо өнөктүгүндө жалпы 7 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбеков брифинг учурунда айтты.

"Шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө 78 материал катталып, анын 71и боюнча чечим кабыл алынды. Кабыл алынган 71 чечимдин ичинен 7 кылмыш иши козголду. Бүгүн, саат 08:00дөн 20:00гө чейин ички иштер органдары 24 кайрылууну маалымат журналына каттады. Азыркы учурда абал туруктуу, милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат", - деди Ниязбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан