Адахан Мадумаров: "Биздин элге эксперимент жасагандарга каршы турам. Элиме боорум ооруп жатат"

Бүгүн, 10-январда республикада кезексиз президенттик шайлоо жана референдум өттү. Саат 20:00гө карата өлкө аймагындагы бардык шайлоо тилкелери жабылып, шайлоонун алдын ала жыйынтыктары бериле баштады.

Президенттикке талапкер Адахан Мадумаров шайлоонун алдын ала жыйынтыгына нааразы экенин жашырган жок. Мадумаров штабында берген маалымат жыйында элине боору ооруп жатканын билдирди.

"Көп эле саясатчыларда шайлоодон кийин көңүл калуулар болот. Айрымдары саясатчы катары түптөлбөй да калат. Анткени анын мамлекети цивилизациялуу өлкөлөрдүн катарына кайрадан кирбей калды. Чынын айтканда, менин элиме боорум ооруп жатат. Анткени ар бир шайлоо сайын кандайдыр бир топтор келет да, элди кордоп баштайт. Эл деле аз эле убакыттын ичинде алданып калганын сезет. Биздин элге эксперимент жасайм дегендерге жүрөгүм согуп турганда ар дайым күрөшүүгө даярмын" , - дейт Мадумаров.

Мындан тышкары талапкер кайсы бир маалымат сайты бир ай бою жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгында өзү 47 пайыз, Садыр Жапаров 46 пайыз добуш алганын кошумчалады.

Мадумаров шайлоонун жыйынтыгы тууралуу эмне дейт?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
al-abu-kinesz
2021-01-10 22:35:19
Эми ошол белгисиз сайтта жургузулгон белгисиз адамдардын голосун бетке кармабай эле кой да, чоон эле кишисиз, 2нин бирисиз, уят да аксакал
+11
Orozbaev
2021-01-10 22:35:31
Адахан Кимсанбаевич менин сизге боорум ооруп атат
+8
bessmertiy
2021-01-10 22:36:41
Элдин атынан сүйлөбөчү
+11
Azat-123
2021-01-10 22:37:08
Олигархтар менен карапайым элдин ортосунда ачык эле бийлик талаш болуп Президенттике шайлоо болду. Эл тарап утту. Садыр президент болду.
Мадумаров Канат Исаевтерге олигархтар тарапка өтүп кетсе да утулуп калды.
+11
nazira...
2021-01-10 22:37:22
Адахам деген атынызды бекер Адахан деп өзгөрткөнсүз. Хан болоюн дегенсиз го, бекер кылгвнсыз азан айтып койсо керек эле атаныз.
+7
akmanai
2021-01-10 22:39:51
Женилууну татыктуу кабыл алганда аз да болсо озуно абийир тапмак
+10
ika8086
2021-01-10 22:40:45
өлдүгө мына акабиз 47%ды түшүндө көргөнго.Болду эми моюнга албайбы эл Садыр үчүн эмне болду,жаш карысы деп баары бир жакадан баш,бир жеңден кол чыгарып Садырды шайлады.
+11
Suleiman-
2021-01-10 22:45:14
Менин жашым кыркта, мен эс тарткандан бери поктун ишин кылбадың, Адахан кел андан көрө Екатеринбурга, такси кылабыз, жок дегенде үй бүлөөңө пайдаң тийсин!!!
+11
Rukush
2021-01-10 22:56:02
Suleiman-,
+2
Noon
2021-01-11 00:25:19
Suleiman-,ошо алып кеткилечи, таксини да жөн айдабай да ал жакка барып алып да таксисттерди эки экиден чабыштырып
+4
allia
2021-01-10 23:04:23
Элиңе бооруң ооруса саясаттан кет
+7
Mister-XXX
2021-01-10 23:11:38
А.Мадумаров деле президенттик башкарууга барабыз деп айтып жүрчү.Мына эми президенттик башкаруу болду,бирок президент Мадумаров эмес Жапаров болуп калды.Эгер Жапаров болбосо Мадумаров болмок.Бул тагдыр,бешене.Эми тынч жашайлы.
+8
mirlanpiter
2021-01-11 01:02:52
Сага эксперимент жүргүзүп келди сырткы күчтөр,элге түртө салба,,эл өз тагдырына тандоо
жасады
+2
Firdaus-Muslim
2021-01-11 01:49:06
Адаханжон аксакал эс алыңыз эми, Кыргыз элим сизди шайлабаса эл эмне күнөө.
+3
arimaz89
2021-01-11 04:30:31
47% дейт, тообо! Сайтта эмне, мага окшогон шайлоого барбагандар, бирок сайттан калбагандар добуш берип коё берет да. Ошого да ишенеби киши...?
0
Raihan0602
2021-01-11 09:43:58
Адахан мырза акылыңыз билимиңиз бар эмне үчүн бийлик менен кызматташпайсыз мамлекетти гүлдөтүп өнүктүрүп кетүүгө жапа тырмак киришпейлиби мыскылдап четте турбай.Утулганыңызды моюндап оппазиция эмес позицияга өткөнүңүз туура болчудай.
0
Mital.89
2021-01-11 11:16:31
Элди озуна албай озунун атынан суйлоп жур.Боррун ичин оруса туалетке бар. Негизгиси эркек бол.Катынга окшоп арнерсени суйлобой.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан