Адахан Мадумаров эл Садыр Жапаровду тандабаганын айтты

Тектеш кабарлар: Президенттик шайлоо - 2021 (143 материал)

Бүгүн, 10-январда республикада кезексиз президенттик шайлоо жана референдум өтүүдө. Бардык шайлоо участкалары саат 20:00дө эшигин жаап, добуштарды санап жаткан учур. Ал арада шайлоонун алдын ала жыйынтыгы айтылууда.

Президенттикке талапкер Адахан Мадумаров эл Садыр Жапаровду колдобогонун билдирди.

"Эл Жапаровду колдогон жок, кыйкырып жаткандардын баары фейктер. Социалдык тармактарда аны колдоп жазгандарды өзүңүздөр деле көрүп жатсаңыздар керек, кандай деңгээлде жазып жатканын. Жакында эле массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү Жапаровдун штабында 300дөй компьютер менен отургандарын айтып чыгышкан”, - деди ал.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (37)
Azat-123
2021-01-10 22:31:32
Олигархтар менен карапайым элдин ортосунда ачык эле бийлик талаш болуп Президенттике шайлоо болду. Эл тарап утту .Садыр президент болду. Мадумаров Канат Исаевтерге олигархтар тарапка өтүп кетсе да утулуп калды.
+6
Scorpion_09
2021-01-10 22:39:10
Адахан накта тантырак турбайбы
+3
bessmertiy
2021-01-10 22:48:24
Адахан адам болчу
+2
ika8086
2021-01-10 22:56:22
соз жок моюнга албаган ото ичи тар адам экен.Ырас болгон экен президенттике отпогону.Болбосо мындай адамдар уят кылмак кыргыз элин.Отур эми коментарии бергенди ото
+5
Rukush
2021-01-10 23:07:02
Жапаровду коп адам колдоду кудай билет булар билбесе
+6
Sofiya05
2021-01-10 23:10:46
800 адамдын 55 и Мадумаров 689 Жапаров болду, ошондо сенин таанышың мааниге деле ээ эмес болуп калды Адахан мырза
+4
Dilnaz.1990
2021-01-10 23:16:07
Мен лично биссимилла деп Садыр Жапаров ду жайладым,үй бүлөм да колдоптур
+4
pero5184
2021-01-10 23:20:36
Ээми митинг уюштурбай жөн жаткыла .Бизге биринчи тынчтык керек.
+3
oopapa
2021-01-11 01:09:53
Лично менин далилим бар шайлоо таза отпогонуно. Таза шайлоо болгон жок. Болгон да эмес болбойт дагы. Москвада форма 2ни Садырды шайласан берди Адахан десен берилбеди. Садырды десен биринчи паспортунду бересин сразу ошол жерден голос кетет.
-3
alisheran
2021-01-11 01:31:10
Адахан сенин колунан эч нерсе келбейт тилин эле бар...эл азыр мурункудай силердин жомогунарга ишенбей калган...
+1
ulua
2021-01-11 01:38:39
Мен штабда отурбай эле жазып атамын Россиядан Озерная кочодон, мен колдойм Садырды, силер дем алгыла, алдынарга аш келгенде иш бутурбогон эми кыйратпайсынар, иштейм деген адамга жолтоо болбогула сайрабай.
+3
Abdyrashit.Satylganov
2021-01-11 02:53:20
Мен Адахан Мадумаровду күчтүү саясатчы деп эсептечү элем, бирок жигитче күрөшүп жеңгенди да жеңилгенди да билиш керек, чыныгы саясатчы экенин тастыктаган жок, бизде акыркы жылдары мен тааныбайм деген сөздөр мода болуп, кошуналарга уят болгонубуз эле калды. Моюнга алыш керек Жапаров фаворит болду. Сиз элди аралап сурамжылоо кылыңыз, добушту кимге бергенин. Эркекче күрөшкөндү үйрөнгүлөчү...
+1
Asatov
2021-01-11 03:31:31
ушул убакка чейин емнени кыйратты адахан мадумаров мандатын тапшырып кетсе жакшы болот еле
0
rafo80
2021-01-11 03:41:47
Мисалы үчүн мен фейк эмесмин, соц, сеттерде Жапаровду колдоп жазып жаткам. Мага окшогондор Кыргызстанда миллиондоп саналат, ошолордун баары фейкпи силерге.
+1
Marat3443
2021-01-11 04:42:50
Садырды мактагандар бир жылдан кийин гарантия берем окуносунор
-4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан