Клара Сооронкулова: "Бул шайлоодо Жапаров фаворит болгонун моюнга алыш керек"

Тектеш кабарлар: Президенттик шайлоо - 2021 (143 материал)

Бүгүн, 10-январда республикада президенттик шайлоо жана референдум өттү. Бардык шайлоо участкалары саат 20:00дө эшигин жаап, добуштарды санап жаткан учур. Ал арада шайлоонун алдын ала жыйынтыгы айтылууда.

Президенттикке талапкер Клара Сооронкулова SUPER.KG порталына шайлоонун жыйынтыктары боюнча комментарий берди.

"Биринчиден, шайлоого жарандардын катышуусу тууралуу белгилеп өтөйүн. Шайлоого жарандардын 33 пайызы гана катышты. Мындай көрсөткүч өлкө тарыхында болгон эмес. Демократиялуу өлкөлөрдө шайлоого калктын 50 пайызынан ашыгы катышпаса, шайлоо өттү деп эсептелбейт. Андыктан келечекте бизге дагы ушундай эрежени киргизүү керек деп ойлойм. Юридикалык жактан алып караганда шайлоо өнөктүгүндө башынан эле мыйзам бузуулар көп болуп жатты. Бул тууралуу биз БШКга да билдирип жаттык. Мыйзам бузуулар көбүнчө Садыр Жапаровго тийиштүү болду. Андыктан юридикалык шайлоонун жыйынтыгы таанылбашы керек. Ошол эле маалда моралдык жактан алып караганда президенттикке ат салышкан бардык талапкерлерден шайлоочулардын арасында популярдуулукка ээ болгон талапкер Садыр Жапаров болгонун моюнга алуу керек. Жапаров бул шайлоодо фаворит болгонун мен да моюнга алам. Бирок Жапаров буга өтө деле сүйүнбөшү керек дейт элем. Себеби шайлоого шайлоочулардын 33 пайызы гана катышты. Эл Садыр Жапаровду тандады, демек, аларга дагы жоопкерчилик жүктөлдү. Шайлоодон ким утуп келбесин өлкө үчүн өтө оор учурда келет деп айтып келгем", - деди Сооронкулова.

Мындан тышкары Клара Сооронкулова президенттик шайлоонун жыйынтыгына макул болгону менен, Референдумдун жыйынтыгын тааныбай турганын билдирди.

"Референдумду башынан эле тааныбайм. Азыр дагы ошондой ойдомун. Анткени аны легитимсиз Жогорку Кеңеш дайындады. Процедуралар туура эмес жүргүзүлдү. Азыркы референдумду мен калкты алдоо деп эсептейм. Бир персонага тууралоо деп ойлойм" , - деди Сооронкулова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Scorpion_09
2021-01-10 23:21:42
Форма 2 болгондо шайлоочулар коп болмок ...озунор форма 2 алдырып салып Эми ыйлабагылачы
+16
Luna7
2021-01-10 23:48:13
Урматтуу Клара айым,ошол 33%эл келечегин ойлогондор,а калгандары шайлоодон акча жасап,келип катышып кетуудон кадамын аягандар Жана жер которуп каттоосу жок болгондуктан катыша албагандар,так что Коро албастык кылбаныздар
+12
Gabiku
2021-01-11 04:21:00
Luna7,лично биздин семья шайлоого форма 2 жоктугунан катыша албадык. Эч кандай Акча жасап калбай эле. А то мумкунчулугубуз болуп шайлаганда Садыр Жапаровту шайламакпыз
+4
karimov.o
2021-01-11 00:10:18
Клара айым Мадумаровко караганда эркегиреек экен.Мадумаров дегеле бир нерсеге ыраазы болгонун ушул убака чейин коро элекмин
+10
patriot.kg94
2021-01-11 00:43:23
Бул дегени шайлоо таза отту дегени акча таркатылган жок адамдар ташылган жок эми Эл озу келбесе не кылыш керек 50% болгуча шайлоо откоро бериш керекпи акча кетирип чыныгы мамлекетти ойлогондор катышты ойлобогондор катышпады ага эл озу куноолу
+6
Firdaus-Muslim
2021-01-11 01:38:24
Клара бүгүн таң атканча ичет, уже мас.
+7
Globalnews
2021-01-11 07:29:30
Клара женем деп катышкан жок, а жон кана моменттен пайдаланып жалгыз аял киши болуп озунун абройун которойун деп кана катышты.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан