"Бүгүн болбосо эртең кыргыз элинде суроо жаралат" дейт президенттикке талапкер Мадумаров

Тектеш кабарлар: Президенттик шайлоо - 2021 (143 материал)

Бүгүн, 10-январда республикада кезексиз президенттик шайлоо жана референдум өттү. Бардык шайлоо участкалары саат 20:00дө эшигин жаап, добуштар саналып, алдын ала жыйынтык айтылууда.

Алдын ала айтылып жаткан шайлоонун жыйынтыгына президенттикке талапкер Адахан Мадумаров нааразычылыгын билдирди.

"Аз убакыттын ичинде кантип ушундай болгондугунун бети ачылат. Бийлегендер бийлесин, тойлогондор тойлосун. Азыр эч ким эч нерсе дебеши мүмкүн, бирок бүгүн болбосо эртең кыргыз элинин суроосу жаралат. Бул жолу саясатчылар унчукпай койгону менен, калкта суроо болот", - деди ал.

Ошондой эле талапкер референдумдун жыйынтыгын "укмуштуудай жомок" деди.

"Жыйынтык көрсөтүп тургандай, парламенттик башкаруу формасын 10 пайыз, президенттик башкарууну 80 пайыз эл колдоптур. Бул өтө жаман иш менен аяктайт", - деп кошумчалады Мадумаров.



Садыр Жапаров маалымат жыйын берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Nurik1988
2021-01-10 22:58:29
Болду кылып кеткилечи
+4
Rukush
2021-01-10 23:02:49
Nurik1988,каранавирус жок бул жомок деген созундой кылыптыр да
+3
Kuban-1207
2021-01-10 23:10:31
Маду болдучу наалыбай
+2
Sofiya05
2021-01-10 23:14:21
Калк айтса, калп айтпайт. Эл сен айткандай ИТ эмес да сени ээрчигидей...
+1
Mister-XXX
2021-01-10 23:15:41
Адахан Кимсанбаевич,сиз өзүңүз мурунку шайлоолордо президенттик башкарууну колдойт элениз.Эми женилсениз эле президенттик башкаруу жакпай калдыбы?
+4
Datka7777
2021-01-10 23:21:29
Тилиниз тишиниз кубо эки ай мурда «президенттик башкаруу керек кыргызстанга, парламенттин депутаттарын тен ортосунан болуш керек», деп айткансыз баары сиз айткандай болду. Дагы неге нааразысыз?
+1
mirlanpiter
2021-01-11 00:04:15
Адахан Кимсанбаевич эгерде сиз Кыргыз элинин патриотумун деп эсептесениз өзүңүздү,анда Садыр Нуркожоевич м-н иштениз эл үчүн,тарыхта ысымыңыз калсын жакшы инсан катары,...жок өзүңүздү ойлогон көр пенде болсоңуз анда эл бузар болуп каласың...
0
ika8086
2021-01-11 01:05:18
30жылдан бери элдин суроосуна кудайым буйурса жооп табылды,ИншАалах биз таза жашоонун,таза шайлоонун жаны барагын колубузга алдык.Эми куч кубатты Садыр Жапаровко берсин.Иштегенге мумкунчулук бергиле чимкириктер ар киминер ар бурчта тукурунбой,тантыбай.Элдин башын айлантпай.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан