Абдил Сегизбаев дагы шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тартты

Президенттикке талапкерлигин койгон Абдил Сегизбаев шайлоонун алдын-ала чыккан жыйынтыгын тааныбай тургандыгын айтты. Ал бул тууралуу өзүнүн фейсбуктагы баракчасында түз эфирге чыгып билдирди.

"Шайлоонун алдын-ала чыккан жыйынтыгына макул эмесмин жана тааныбайм. Себеби октябрда Сооронбай Жээнбековдун айланасында болгондор ушул айдын ичинде Садыр Жапаровго иштешти. Административдик ресурс колдонулганын баарыбыз эле көрдүк. Алардын баары бир эле талапкер үчүн иштеди. Башка талапкерлерге иштеген активисттерди коркутуу үчүн жада калса кримтөбөлдөр да иштеди. Бийлик тарабынан башка талапкерлерге басым болгонун сездик, тең укуктуулук болгонун көргөн жокпуз", - деди Сегизбаев.

Белгилей кетсек, бүгүн, 10-январда өлкөбүздө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана өлкөнүн башкаруу системасын өзгөртүү үчүн референдум болуп өттү. Ажолукка 17 талапкер ат салышып, алдын-ала жыйынтык боюнча Садыр Жапаров алдыда келе жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
KaGaH
2021-01-10 22:55:03
Койчу Бот эс ал,Садыр Жапаров менин президентим
+12
Nurik1988
2021-01-10 22:57:20
Силерди тууган таныш билиштеринер эле колдобосо эл силерди колдобойт, танысан таныбасан деле баяагы эле Сегизбаевсин
+15
Baiaman997
2021-01-10 22:58:41
Чын журоктон барбир, Садыр Жапаров президент
+12
Djumahmatov
2021-01-10 23:06:28
Тааныбасан өлүп кет бизге по барабану
+11
ulan127775
2021-01-10 23:11:14
Сегизбай тааныйсынбы тааныбайсынбы,сени эчким тааныбайт.
+13
Sofiya05
2021-01-10 23:17:36
Сенин тааныган, тааныбаганындын кимге кызыга бар????
+11
Scorpion_09
2021-01-10 23:28:40
Канат ,Каныбек ,Абдиль , Мадумаровго Караганда Клара эркегирээк экен ...
+11
al-abu-kinesz
2021-01-10 23:30:21
Ичин бокко толуп буткон экен, койчу тегеректегилерди элди сасытпай кетчу жерине жоголчу!
+12
Asmat84
2021-01-10 23:43:17
Бунун да убактысы аз калды сегизбайдын Жапаров эми серёзный кылат муну
+9
bessmertiy
2021-01-11 00:25:24
8баев сенин оюңдун бизге кызыгы жок
+7
ika8086
2021-01-11 01:09:32
Ким бул 8бай каяктан адашып журот.Муну Кыргыз эли тааныйбы.Мурда не жумуш жасаган эл учун.Айдоочубу,охранабы кимдин колун кармап жургон ким аркылуу келди.Шайлоону бул киши тааныбаса сени мен да тааныбайт экенмин.
+5
Danysh1
2021-01-11 01:10:33
Сегизбайдын мыйзамсыщ топтогон мүлк каражатын мамлекетке кайтарыш керек тез арада түнү менен качып кетпесин сууну кечип
+5
Firdaus-Muslim
2021-01-11 01:41:59
Сегизбаевдин давлениясы көтөрүлүп уйкусу жок болсо керек.
+4
nuri9999
2021-01-11 01:43:46
Бизда сени тааныбайбыз! Элдин козуно корунбой бат баттан шамал болчу)
+4
Raihan0602
2021-01-11 09:21:44
Сенин оюң менен эч ким эсептешпейт көп сөз айтайын дейм бирок....
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан