Адахан Мадумаров: "Бүгүнкү бийлик жаман аяктайт, дегеним элдин каргышына калат"

Тектеш кабарлар: Президенттик шайлоо - 2021 (143 материал)

Бүгүн, 10-январда республикада кезексиз президенттик шайлоо жана референдум өттү. Бардык шайлоо участкалары саат 20:00дө эшигин жаап, добуштар саналып, алдын-ала жыйынтык айтылууда.

Алдын-ала айтылып жаткан шайлоонун жыйынтыгына президенттикке талапкер Адахан Мадумаров нааразычылыгын билдирди.

"Чү дегенде эле ушундай жыйынтык көрсөтүлүп жатат. Парламенттик шайлоодо көп добуш алабы же президенттик шайлоодобу? Элестетсеңиздер, бир талапкерге 700 миңден ашуун жарандын добушу берилгени эмнеден кабар берет? Бишкек, Чүйдөгү шайлоочулардын маанайы бизге белгилүү. Ошондуктан бүгүнкү шайлоо реалдуулуктан өтө алыс.

Мен өлкөдө мыйзамдуулук орун алмайынча күрөшө берем. Кызыкчылык үчүн деле эртең элден сурамжылоо жүргүзүп көрсөңүздөр, 10 кишинин 8и баарына каршы добуш бергенин айтышат. Мен эскерте кетейин, бул бийликтин аягы жаман аяктайт. Жаман дегеним, элдин каргышына калат. Тарых алдында каргышка калат. Муну архив үчүн сактап калсаңыздар да болот", - деди Мадумаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
Luna7
2021-01-10 23:40:40
Ичин куйсо туз жала,сиз калып атас каргышка,эч кандай мыйзам бузуу болгон жок,шайлоо таза отту,
+6
BarsBaatyr
2021-01-10 23:53:35
Мурдуңа бок сүйкөлгөн Кыргыз
+1
Noon
2021-01-11 00:16:06
Оозуңа кара таш. Тобо деп суйло
+5
bessmertiy
2021-01-11 00:34:54
Каргышың өзүңдүн как башыңа тийсин
+7
patriot.kg94
2021-01-11 00:37:21
Кандай болсо дагы жакшы ниет кылынчы, адамдын оюнда кандай болсо ошондой соз чыгат значит сиздин оюнуз ниетиниз тушунуктуу ийгилик каалап жакшы ниет кылып койсонуз бир жериниз кемип калбайт же аброюнуз тушуп кетпейт которулушу мумкун
+5
raia
2021-01-11 00:48:39
Бугун шайлоого бир аз кечигип 13 до бардым.Шайлоо тыптынч.Эч кимдин деле иши жок.Келип атасынбы,кетип атасынбы?
Мурун машинадан тушуро койбой паланчаны шайла,тукунчону шайла 2000 сом беребиз деп кирип баратканда саксактап чуркап,жолунду тозуп колуна акчаны карматып,чыгып баратканда шайладынбы деп чуркап турар эле...
Бугун тынч,баягы акча тараткан дежурный домком аялдар дагы эле журушот бирок кабактары суз...
+7
ika8086
2021-01-11 00:54:42
Тарыхта калчу эн таза шайлоо 2021-жыл.Адахандын тилиненен жанылган жыл.Ичи орттонуп,куйуп жаткан жыл.Тарыхта калчу кыргызга жакшылык кылбаган,ичи тар адам ушул болду.Кимдин ким экени билинди.РАХМАТ САГА АЛЛАХЫМ.Эл учун иштеп берсин Садыр Жапаров бул дагы АЛЛАХтын амири менен.Кыргыз элиме тынчтык,бакубат жашоо,дуйнону дуңгуроткон,жакшы жагы менен дуйно элине улгу болгудай даражага жетели.Мамлекетибиз онугуп оссун,элибиз бакубат жашоодо жашасын келечегибиз алдыда.АЛГА КЫРГЫЗСТАНЫМ!
+7
raia
2021-01-11 00:58:06
ЭМИ УШУНЧА эл журт ак батасын берип умут кылып Садыр инимди шайлап алышты.Ак жолтой ак жузду хан болуп,элим,жерим деген,элине куйгон ак кызмат кылган ак жолтой хан болсун...
Тилекмат бабабыз жон киши эмес эле.*Колдон хан чыкпайт, чыкса да жон чыкпайт *дегни бар экен.Колдук Тилекмат акени баш кылып,колдукторду жер каратпаган,кыргыздын чыгаан призденти болуп,баарыбыздын умутубуз жанып,ишеничибиз акталып,кыргыз эли онугуп осуп бакубат турмуш келсин...
Аллахым элибизге жерибизге кут берс
+7
Sydyeva91
2021-01-11 01:29:07
Арстан Алайдан жуккан го божомолдорду суйлоп калыптыр.Озунун кадырын озу кетирип алды ичи тардык кылып ,корунгонду суйлоп жатып.
+6
Firdaus-Muslim
2021-01-11 01:36:41
Бул Мадумаров неге ичи тардык эле кыла берет. Жапаровду жети дубан эл колдоду. Бул Мадумаров туулганына нааразы адам экен да байкуш.Садыр Нуркожоевич Жапаров Кыргыз Республикасынын президенти.
+5
subhan80
2021-01-11 08:20:08
Арстан алай болвой жон отур оозуна кара таш элдин каргышына озун калдын сагызгандай шакылдап
+3
Haanykeim
2021-01-11 08:37:44
Ириген ооздон чирирген сөз чыгат.
+1
Mamytovv_n
2021-01-11 09:20:49
Сурамжылоо жургузсо он кишинин сегизи Садыр шайладык дешет эмне ичинде ит олгонбу же Садырга кундошсунбу
+2
nazira...
2021-01-11 09:47:33
Каргышын как чокуна тийсин, сайраган тилин кесилсин. Дагы кандай сөз уккун келип втат, Өзгөнүнө жөнө эми, эсин барда этегинди жыйып.
0
orozali.krg
2021-01-11 10:47:03
Карганып олтура бербей, барып кеңешип бир тарабынан жардам бербей бекен. Анчалык ичи күйсө. Чакырып эле атат коо. Чоогу иштейли деп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан