Адахан Мадумаров: "Азыркы парламент дагы көпкө чейин таркатылбайт"

Тектеш кабарлар: Президенттик шайлоо - 2021 (143 материал)

Бүгүн, 10-январда республикада кезексиз президенттик шайлоо жана референдум өттү. Саат 20:00гө карата өлкө аймагындагы бардык шайлоо тилкелери жабылып, шайлоонун алдын-ала жыйынтыктары бериле баштады.

Президенттикке талапкер Адахан Мадумаров шайлоонун алдын-ала жыйынтыгына нааразы экенин жашырган жок.

"Булар келгенден кийин легитимсиз парламенттин мөөнөтүн каалашынча узарта берет. Мен силерге булардын кийинки кадамдарын айтып бере алам. Келгендер азыркы депутаттар менен тез арада Конституцияны кабыл алышат. Буга жүйө катары референдумда калктын 80 пайызы добуш бергенин келтиришет. Конституция кабыл алынмайынча, азыркы Жогорку Кеңеш таркатылбайт. Мыйзамсыздык дагы көпкө чейин уланат", - дейт Мадумаров.

Мадумаров шайлоонун жыйынтыгы тууралуу эмне дейт?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
bekalife
2021-01-10 23:33:10
Андай эмес Адахан Кимсанбаевич. Мисалы мен мурда сизге добушумду берчумун. Азыр Жапаровго бердим. Мага окшогондор толтурада...
+7
Luna7
2021-01-10 23:37:47
Ичин куйсо туз жала
+3
Bekkushmat
2021-01-10 23:44:51
Ушул Авам Баткендеги жерди сатпаганда менин коргонума таш топтолбойт еле еми ачышып аткан болсо Баткенге келсениз туз ташыбыз даяр
+2
akmanai
2021-01-10 23:46:47
Биз бир эмес бир нече жолу ушул кишини колдогонбуз. Колдоочуларыныздын ишеничинен чыкканга жалгыз себепкер ал озунуз!
+2
BarsBaatyr
2021-01-10 23:50:01
Күндөр келет, Мадумаровдун айткандары туура чыгат. Тилиңи тиштейсиң Кыргыз. Ал эми Жапаровго ийгилик каалайбыз! Элдин үмүтү акталсын эми.
+4
akmanai
2021-01-10 23:53:11
Мага аябай кызык болуп жатат.Жарыштан утулуп калган 16 талапкердин ичинен шайлоонун таза отконун моюндап,адамдык бийик сапаты менен женилууну татыктуу которуп, Жапаровду жениши менен куттуктаганга адамгерчилигинин кучу жеткен талапкер бар болду бекен?
+2
al-abu-kinesz
2021-01-11 00:34:42
akmanai, ошончо эркектин арасынан Клара эже гана жарым жартылай моюндады го, Садыр Жапаровду фаворит атап, копчулук колдогонун. Ушундан эле билсе болот кимдер кандидат болгонун
+1
Noon
2021-01-11 00:09:40
Ушуну чыгарбагылачы кыжырды кайнатып
+3
patriot.kg94
2021-01-11 00:33:04
Мен да сизди кодочумун Адахан мырза бунусунда Жапаровду шайладым коп шайлоочуларыныз сизден умутун узду тилеке каршы озунуз кылдыныз баарын барган жеринизде Жапаровду жамандай берип
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан