Садыр Жапаров башка талапкерлердин тарапташтары чогулуп жатат деген маалымат боюнча: "Азчылык көпчүлүккө баш ийиш керек"

Садыр Жапаров шайлоонун жыйынтыгы боюнча маалымат жыйын берүүдө.

Ал "бир катар талапкерлер өзүнүн тарапташтарын чогултуп жатышыптыр. Сиздин тарапташтарыңыз менен кагылышуу болуп кетет деп коркпойсузбу?" деген суроого төмөндөгүчө жооп берди.

"Ар кимдин өзүнүн ою бар да. Пикири бар. Бирок сөз айтарда Кудайга да караш керек да. Мурдагыдай мугалимдерди 5-10 добуш алып бересиң деген кыйноо болгон жок. Чогулуштарга бийликтин талапкери барганда кыйнап алып келген жокпуз. Мурдагыга караганда 99 пайыз таза өттү да. Силерди ынандырып айта алабыз, кийинки шайлоолор толук, таза өтөт. Мурда мен дагы бийлик шайлоону жасап коёт деп ойлочумун. Бирок добуш берүү системасын көрүп чыккандан кийин андай эмес экенин көрдүм.

Кимдин тарапташтары чыгып жатканы боюнча маалыматым жок. Көпчүлүк элдин тандоосун сыйлаш керек. Көпчүлүк азчылыкка баш ийиш керек", - деди Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Luna7
2021-01-10 23:43:01
Туура,шайлоо таза отту
+13
batleybesh
2021-01-10 23:55:53
Назарбаев, Каримов, Рахмон, Лукашенко аларда шайлоодон 80 90 %элдин добушу менен женет болчу
+1
AdylbekB84
2021-01-11 00:21:44
Азчылык көпчүлүкө баш ийиш керек десеңиз урматтуу Бекболот.
+5
Azizbek81
2021-01-11 00:35:39
Уй булобуз менен озубузчеле суйунуп жатабыз,садыр жапаровду канча жыл куттук ,акыры чындык бар экенго,Садыр байке тазза иштен эми кыргызстанды туштук кореяга айлантып салышынызга толлук ишенем
+8
Marat3443
2021-01-11 03:36:31
Azizbek81,туштук Корея бул жакта еле турсун Тажикстанга жеткизсин биринчи жок дегенде Озбекстанга
-5
Mustafo
2021-01-11 07:27:06
Marat3443,Маңкурттар өз ордун билбейт.
+2
Adik74
2021-01-11 02:58:55
Мурдагы шайлоолордун баарысында шайлоо кандай отту деп сурасан эле туура откон жок деп элдин баары айтчу эле .
Бул шайлоону сурасан элдин баарынан бирдей жооп "Шайлоо туура ,калыс отту" деп жооп аласын
+9
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан