Президенттикке талапкер Адахан Мадумаров шайлоонун алдын ала жыйынтыгын тааныбай турганын билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн штабында журналисттерди кабыл алганда билдирди.
Анда Мадумаровго "бүгүнкү келген бийлик кызмат сунуштаса барат белеңиз?" деген суроо узатылды.
"Кайдагы кызмат, эгерде биз Конституцияны тебелеп-тепсеп жатсак. "Мадумаровго кызмат сунуштаса болобу" деп дайыма сурай бересиздер. Мен кызматтын кулу эмесмин, менин кызматка мурдум бүткөн жок. Жергиликтүү журналисттерди "кызмат сунуштаса барасызбы?" деген суроо кызыктыра берет. Ооба, туура сурагыла.
Биз Конституциялык мыйзам талаасына келгиле деп жатабыз", - деп жооп берди.
10-январда республикада кезексиз президенттик шайлоо жана референдум өттү. Өлкө аймагындагы бардык шайлоо тилкелери жабылып, шайлоонун алдын-ала жыйынтыктары берилди.