"Активдүүлүк аз болду. Социалдык аралык сакталган жок". Байкоочулар шайлоого алдын ала баа беришти

Кечээ, 10-январда өткөн мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого байкоо жүргүзүшкөн Эл аралык толеранттуулук үчүн коомдук фондунун жамааты шайлоодо элдин катышуусу аз болгонун билдирди.

Маалыматка ылайык, фонд Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Чүй облустарындагы 15 шайлоо тилкесинде байкоо жүргүзүшкөн.

"Эл суукка карабастан келип добуш берди, бирок шайлоочулардын активдүүлүгү салыштырмалуу төмөн болду. Шайлоодо социалдык аралык толук сакталган жок. Айрым шайлоочулар өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен таба албай, добуш берүүгө катышпай калышты. БШКнын жумушу үзгүлтүккө учурашынан улам эл кезек күтүүгө туруп калды жана шайлоо тилкелеринин мүчөлөрү шайлоочуларга бюллетенди таштоого жардам бергендиктен добуш берүүнүн купуялуулугу бузулду", - деп жазылат фонддун билдирүүсүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан