Шайлоо күнү БШКга мыйзам бузуулар боюнча 50 билдирүү келип түшкөн

Шайлоо күнү Борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам жооп кайтаруу координациялык тобуна мыйзам бузуулар жөнүндө 50 билдирүү келип түшкөн. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтыкбек Шайназаров брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, арыздардын көпчүлүгү УШКлардын үстүнөн болгон арыздар.

"Коррупция боюнча - 1, жабдууларды чыгаруу боюнча - 7, шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузуу - 3, административдик ресурстарды колдонуу - 1, шайлоочулардын белгилери жөнүндө - 1, шайлоочулардын кол тамгаларын бурмалоо - 1, шайлоочуларга мүмкүн болгон кысым - 2", - деди Шайназаров.

Ал билдиргендей, учурда ар бир факт боюнча текшерүү жүргүзүлүп жана айрымдары үчүн териштирүү иштери уланууда.

Кечээ, 10-январда Кыргыз өлкөсүндө кезексиз президенттик шайлоо жана башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Luna7
2021-01-11 10:19:03
Жакшы козунор ачыла баштаптыр,мурдагы шайлоолордо козунорду жумуп алып уксанар укмаксан ,корсонор кормоксон болуп отурчу эленер олчойгон мыйзам бузуу болуп жатсада
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан