Кыргыз жигити Алмаз Гелдибаев Германияда окуу, жумуш, саякатты кантип айкалыштырып жатканын айтып берди

Тектеш кабарлар: Ийгилик жаратууга дем берген кыргыз жаштары (51 материал)
"Адамда каалоо анан аракет болсо баарына жетет" деген бүгүнкү каарманыбыз Алмаз Гелдибаев. Ал учурда Германияда жашап, окуп, иштеп жүргөн чагы. Бул жактан алган билим, топтогон тажрыйбамды өлкөмө барып колдоном деген кыргыз жигити кыял, максаттары менен бөлүштү.

Мекенимдеги эркин жашоону сагындым...

Чет өлкөдө жүргөнүмө жалпысынан 4 жыл болду. Өзгө жерде жүргөнүбүз менен оюбуздун баары өлкөбүздө. Айрыкча четте жүргөндө мамлекетти көп ойлоп түйшөлөт экенсиң. Мекенимдеги эркин жашоону абдан сагындым. Айрыкча айылдагы турмушту. Бул жакта көп нерсе мыйзам чегинде, ээн эркин көп дагы жүрө албайсың. Анын үстүнө чет жерде жүргөн соң жакшы жүрүүгө аракет кыласың. Себеби биз аркылуу кыргыз деген улутту таанып атат, жакшы жагыбызды көрсөтөлү деген ой болот дайыма.

Максаттуу адамга мүмкүнчүлүктөр өзү эшик ачат...

Өлкөбүздөгү алдыңкы ЖОЖдордун биринде туризм тармагында билим алдым. Адам эң алгач максаттарын аныктап, ошого жараша багыт алуусу зарыл экендигин 2016-жылы Түркияга практикага барганда түшүндүм. Андан соң чет өлкөдө билим алууну самап, тилдерди дагы мыкты үйрөнүп, аракет кыла баштадым. 2017-жылы 3 айлык курс менен Германияга келип саякаттап, эл-жер көрүп алардын маданияты менен тааныштым. Андан соң 2018-жылы өжөрлөнүп отуруп, 1 жылга өзүмдүн профессиям боюнча практикага келдим. Андан соң өлкөбүздөгү окуумду аяктадым. Кайрадан тажрыйба топтош үчүн Түркияга келип мейманкада иштедим. Германиядагы окуу жайларга резюме жөнөтүп, өтүп кетип, учурда 2-курста окуп жатам.

Окуу менен бирге кызыктуу саякат...

Бала кездеги кыялдарымдын бири көп өлкөнү саякаттоо болчу. Ал кыялым буюрса акырындан ишке ашууда. Германияга биринчи жолу 2017-жылы келгем. Аэропортко коно электе эле шаардын кооздугуна болгон суктануу сезими башталды. Чынында абдан өнүккөн, суктанаарлык өлкө. Мен саякаттоону сүйгөндүктөн улам көптөгөн кызыктуу окуяларга туш болом. Алгачкы ирет Германияга келгенимде биринчи жолу өзүмө тур уюштуруп Париж, Амстердам шаарларына барууну чечтим. Билет алып бардык даярдыкты көрүп койдум. План боюнча жумушумдан түнкү саат 02:00дө чыгып, жашаган үйүмө келип саат 05:00дө чыгып кетишим керек эле. А менин жумушум узак жерде болгондуктан мени ар дайым жумуштан кийин сервис машинасы келип алып кетчү. Себеби түнкүсүн мен жашаган жерге транспорт каттабайт эле. Тилекке каршы ошол күнү айдоочу уктап калып, мен талаада калып калдым. Бир топ чакырым жөө басып, автобуска түштүм. Үйгө саат 04:50дө кирип келдим. Вокзалга араң жетишип келип, саякаттап келгем.

Чет жактан топтогон тажрыйбамды мекениме барып колдоном...

Окуумду аяктап, өз тармагымда жакшы тажрыйбага ээ болуп мекениме кетем. Ар бир чет жакта жүргөн мекендешибиздин тилеги ошол болуш керек. Бул жакта окуп жатканда теория менен бирге эле практика да маанилүү ролду ойнойт. Мен учурда аптасына 2 күн окуп, 3 күн туризм тармагында иштейм. Эки жакты бирдей алып кетүүгө шарттар толук түзүлгөн. Болгону аны туура пайдалана билүү зарыл.

Ар тараптуу өзүн өнүктүргөн адамдарды баалайм...

Ар дайым жаңы нерселерди үйрөнүүнүн үстүндө болуп, ар тараптуу өнүгүүгө аракет кылган адамдарды баалайм. Эптеп эле бир дипломду алып койгон ал жетишсиз... Азыр технологиянын заманы. Күн сайын жаңы нерселер чыгууда. Мен ойлойм адам кааласа жол өзүнөн-өзү табылат, болгону аракет кылуу керек.

Эң чоң мотивацияны апамдан алам...

Мен 1995-жылы Ош облусунун, Өзгөн районунун Бабыр айылында туулуп өскөм. Биз үй-бүлөдө беш бир тууганбыз. Мен ортончусу, эки агам, бир карындашым жана иним бар. Атам мамлекеттик кызматта айдоочу болуп иштейт, ал эми апам үй кожойкеси. Мен эң чоң мотивацияны апамдан алам.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан