Үчүнчү орун – саясатка эки ай мурун келген адам үчүн жакшы жыйынтык. Бул тууралуу президенттикке талапкер Бабыржан Төлбаев шайлоонун жыйынтыгына комментарий берип жатып билдирди.
“Мен башынан эле алдыңкы үчтүккө кирем деп ишенчүмүн. Албетте, жок дегенде экинчи орунду ээлеп, экинчи турга өтүүгө үмүт бар болчу. Бирок ага карабастан мен өз командама ыраазы болдум. Мен үчүн үчүнчү орун деле жакшы жыйынтык. Ал эми Садыр Жапаровду жеңиши менен куттуктайм”, - деген талапкер.