Нуржан Шайлдабекова: "Добуш берүүнүн жыйынтыктары 20 күндүн ичинде БШК тарабынан аныкталып чечим чыгарылат"

Тектеш кабарлар: Президенттик шайлоо - 2021 (143 материал)

Азыркы учурда кол менен эсептелген жыйынтыктар системге киргизилип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйында билдирди.

"Мыйзам боюнча кол менен саналган жыйынтыктар 18 күндүн ичинде биздин системге киргизилип жарыяланат. Ошондой эле аймактык шайлоо комиссиялар иштерин улантып жатат. Алар бардык шайлоо тилкелеринин добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдорду түзүп БШКга өткөрөт. Аймактык шайлоо комиссиянын жыйынтыктарын 19 күндө жарыялашыбыз керек. Жалпысынан добуш берүүнүн жыйынтыктары 20 күндүн ичинде БШК тарабынан аныкталып, чечим чыгарылат", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан