Улукбек Кочкоров болуп өткөн шайлоо тууралуу пикирин билдирди

Президенттикке талапкерлигин койгон Улукбек Кочкоров шайлоонун алдын-ала чыккан жыйынтыктары боюнча пикирин билдирди.

"Урматтуу журтташтар, мени, менин программамды колдоп добуш бергениңиздерге, программамды элге жеткирүүгө бар күчүн жумшаган тилектештериме, "жүрөгүмдөн сизди колдойм, бирок бул жолу сизге добуш бере албадым", - деп каалоолорун айтышкан миңдеген күйөрмандарыма, "программаңыз элге жетип калса экен, үй-бүлөмдүн ырыскысынан атайын сизге алып келдим", - деп 5-10 миң сом акчалай кол кабыш кылган замандаштарыма, баарыңыздарга ийилип таазим этип, ыраазычылык билдирем!

Буга чейин да көпчүлүктүн колдоосу менен шайланып келген президенттер элдин үмүтүн актабай, аягы кейиштүү окуялар менен коштолгону баарыбыздын эсибизде. Менин тилегим, бул жолку колдогон элдин үмүтүнө суу себилбей, өлкөбүз туруктуу өнүгүү жолуна түшсө экен. Жылдап чет жакта жүргөн ата-энесинин мээримине зар болуп, жол караган балдарыбыздын санаасы тыйылса экен. Калкыбыз байгер жашоого жетип, дүйнөнү саякаттап, бактылуу өмүр сүргөн элдердин катарында болсо экен. Баарыбыз бакубат, өнүккөн өлкөдө жашагыбыз келет", - деп билдирди Улукбек Кочкоров.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
al-abu-kinesz
2021-01-11 17:04:47
Кана Садыр Жапаровду куттуктап кою жок дегенде ооз уучунан?
+6
Munir81
2021-01-11 18:10:15
al-abu-kinesz,уялганда тушунсон аны
+3
nargiz-sa
2021-01-11 19:52:33
al-abu-kinesz,милдеттүү эмес
-3
nurikkg90
2021-01-11 19:05:42
Тушуном ичин ачышып атат кимдин эле олко башкаргысы келбесин, утулганын ачык айкын эле корунуп турат Кыргыз элине каршы болбосон шайдап алган адамын куттуктап ак жол кааласан болмок
+2
vbrb
2021-01-11 20:58:36
Улукбек тойчубаевич бул шайлоодо садырды тарапташтары гана шайлады, алар шайлоочулардын 30 пайызын тузот экен калган 70 пайызыдын ичинде сиздин да тарапташтарыныз бар, келечекте президент болушунузга тилектешмин, ден соолук ишинизге ийгилик каалайм
0
Tolik555
2021-01-11 22:37:17
Улукбек Кочкоров кучтуу кадр.Министирлердин ичинен эн жакшы иштеген министрлердин деп эсептейм. Жок дегенде сизди депутат кылып шайлап алабыз.
+1
Goodyer
2021-01-12 04:18:18
Бул жакта Ичи ачышып атат куйуп атат деп жазып аткандарга пейлинерге денгээлинерге береке демекмин.
+2
aliya-leyla
2021-01-12 13:07:09
мен ушуга добуш бермекмин учетум болгондо
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан