Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Садыр Жапаровду президенттик кызматка шайланышы менен куттуктады. Маалыматты SUPER.KG'ге Жапаровдун шайлоо штабынан тастыкташты.
"Эки өлкөнүн алакасынын мындан ары да өнүгүүсү үчүн кызматташууга даяр экенимди билдирем. Боордош мамлекеттердин мамилеси мындан ары да жакындай берет деп ишенем. Кыргыз элине тынчтыкты жана гүлдөп өнүгүүнү каалайм", - деп жазылган куттуктоонун текстинде.
Кыргыз өлкөсүндө президенттик шайлоо 10-январда өттү. Ага катышкан 17 талапкердин ичинен алдын ала маалыматтар боюнча Садыр Жапаров алдыда келе жатат.