Садыр Жапаров инаугурациядан кийин өкмөт башчылык милдетин тапшырат

Тектеш кабарлар: Президенттик шайлоо - 2021 (143 материал)

Садыр Жапаров президенттик инаугурациядан кийин өкмөт башчылык милдетин өткөрүп берет. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Рысалиев билдирди.

Маалыматка ылайык, Садыр Жапаров шайлоодон уткандыгы расмий жарыяланса, өкмөт башчылык кызматына кайтып келбейт.

"Шайлоонун расмий жыйынтыгы жарыялангандан кийин бир айдын ичинде инаугурация өтөт. Шайлоого чейин Садыр Жапаров өкмөт башчылык милдетин убактылуу токтотуп турган. Бирок ал азыр деле премьер-министрлик статуста турат. Инаугурация өткөн соң, ал бул ыйгарым укуктарын биротоло токтотот", - деди Бактыбек Рысалиев.

Маалым болгондой, Садыр Жапаров октябрь окуяларынан кийин өкмөт башчы, кийин президенттин милдетин аткаруучу болуп иштеген. Президенттик мөөнөтүнөн мурда шайлоонун алдында өкмөт башчылык ыйгарым укуктарын вице-премьер-министр Артём Новиковго өткөрүп берген. Президенттин милдетин аткаруу Талант Мамытовго тапшырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
futboler
2021-01-12 12:51:25
Новиковду өкмөт башчылыкта калтырыш керек, кыска убакыт ичинде өлкөнү алдыга алып кете ала тургандыгын көрсөтө алды.
+17
Tolik555
2021-01-12 13:13:17
Новиков оз ордунда малыш керек.иштеп кете алат.
+15
Tolik555
2021-01-12 13:13:39
Калыш керек
+12
nurbek56
2021-01-12 13:17:03
Новиков калсын
+15
baisogur
2021-01-12 13:25:46
Новиков калсын иштесин
+14
sultan_bek
2021-01-12 13:32:51
Эски кадрларды кетирип, жаны жаш кадрлар келсе онолобуз
+10
al-abu-kinesz
2021-01-12 14:18:32
Новиков калсын!!
+8
jigit.paren
2021-01-12 14:58:48
Новиков калыш керек, башкасын кереги жок келгилери келсе Новиковго орун басар болушсун.
+6
Scorpion_09
2021-01-12 18:54:11
Новиков премьер министр болсун
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан