Президенттикке талапкерлер Адахан Мадумаров, Канатбек Исаев, Каныбек Иманалиев автоматтык эсептөөчү урналарды талапкерлер жана коомчулуктун катышуусунда кайрадан тестирлөөдөн өткөрүү талабы менен БШКга кайрылышкан. Бирок талапкерлердин талабы аткарылган эмес. Бул тууралуу Адахан Мадумаровдун кайрылуусунда жазылган. Кайрылуунун тексттин Мадумаровдун маалымат кызматы таратты.
Кайрылууда 2021-жылдын 6-январында БШК УКМКнын өкүлдөрүнүн катышуусунда автоматтык эсептөөчү урналардын тестирлөөсүн жүргүзгөнү жазылат.
"БШК добуштарды саноодо УКМКнын шайлоо комиссияларынын ишине кийгилишүү коркунучуна жол ачып берди. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин шайлоодогу жыйынтыктарга болгон жеке кызыкчылыгы бар экенин эске алуу менен биз талапкерлер Адахан Мадумаров, Канатбек Исаев, Каныбек Иманалиев Улуттук коопсуздук комитетинин урналарды тестирлөө процессине аралашпоосун жана кайрадан тестирлөөнү өткөрүүнү талап кылып БШКга кайрылдык. Бирок биздин талап аткарылган жок. Натыйжада өлкөдө УКМКга добуштарды башкаруу шарты түзүлдү. Шайлоо процессинин жүрүшүндөгү мыйзам бузуулар БШКнын Жапаров менен сүйлөшүп алуусунан кабар берет. Демек Садыр Жапаровду өлкө президенти катары таануу мүмкүн эмес" , - деп жазылат кайрылууда.
Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын комментарийин БШКнын басма сөз кызматы берди.
"Шайлоодо колдонулуп жаткан технологиялардын так иштөөсүн камсыз кылуу үчүн алдын-ала бардык АЭУлардын (автоматтык эсептөөчү урна) тестирлөөдөн өткөргөнбүз. АЭУ аппараты өзү дагы техникалык көзөмөлдөн өттү. Мындан сырткары биз акыркы 10 күндүн ичинде ушул АЭУлардын жер-жерлерден борбордук серверге сигналдардын келип түшүүсүн дагы тыкыр, катуу, кеңири тестирлөөдөн өткөрдүк. Бул процессте эч кандай башка адамдардын катышуусу жок. Бул процесске борбордук участкалык комиссиялар, БШКнын тийиштүү кызматкерлери гана өткөрөт. ЖМКларда бул иш-чарага УКМК дагы кийгилишкен деген маалымат тарап жатат. Андай болушу мүмкүн эмес. Тестирлөөгө бир дагы орган кийгилишкен жок" , - дейт Шайлдабекова.